Кен иштетүүгө уруксат кагаздын дээрлик баары чет өлкөлүк компанияларга берилгенин белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мындай ишканаларга кен иштетүүдөн түшкөн кирешенин салыгын 7% көтөрүү аздык кыларын айтты:
“Учурунда лицензиялар 300 сомго сатылган. 300 сомго. Кыргыз өкмөтү, Кыргызстан андан кандай киреше, кандай пайда көрүп жатат? Маселе мына ушунда. Мына, Ала-Букада канча кен иштеткен ишкана бар, райондун акыбалын караңыз. Киреше салыгын көтөрүү керек. Эч бир кен ишкана жабылбайт, кадимкидей иштейт. Жоопкерчиликти өкмөт демилгечи катары, биз депутаттар добуш берип, макул болгон катары чогуу алабыз”.
Жанар Акаев мыйзамды жапа тырмак колдоого чакырды. Ушундай эле пикирди “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Айсулуу Мамашева да айтып, кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Депутат кен иштеткен ишканалар 50-60% киреше көрөрүн белгиледи.
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш Салык кодексинин 310-беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Ага ылайык, беренедеги “Кен казуучу жана кен иштетүүчү ишканалардын алтын камтылган кендерден жана алтын камтылган концентраттан түшкөн киреше салыгынын өлчөмүн 7%, 2023-жылдан тарта 10% көтөрүү, ал эми алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар камтылган концентраттан түшкөн кирешеден салык 5% өлчөм алынат” деп өзгөртүлөт. Айрым депутаттар салыкты көтөрүү кен иштетүүчү ишканалардын жабылышына алып келерин айтып, мыйзамга каршы чыгышууда.
Талкуунун аягында мыйзам долбоору 3-окуудан добуш берүүгө жиберилди.
Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2415 лицензия берилген. Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Анын ичинде 46сы ири алтын кени. Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген. (ZKo)