Орусиянын президенти Владимир Путин кошумча-алымча киргизилип, жаңыртылган Баш мыйзамды расмий жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Конституция 4-июлдан тартып күчүнө кирет.
Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогонун билдирди. Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түздү.
Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси президент Владимир Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышууга жол ачкан жобо болуп саналат.
Владимир Путин ушул жылдын башында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган жана жалпы элдик референдум алгач 22-апрелге белгиленген. Бирок коронавирустан улам анын мөөнөтү кийинкиге жылган.
Өлкөдөгү оппозиция лидерлери, айрым жарандык активисттер бул референдумду Путиндин бийликте көбүрөк калуу айла-амалы катары сынга алып, жарандарды добуш берүүдөн баш тартууга чакырып келишкен.