Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Бишкекке Түркиядан, Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары кайтып келди


Стамбул-Бишкек чартердик каттамы. «Манас» аэропорту. 8-июль, 2020-жыл.
Стамбул-Бишкек чартердик каттамы. «Манас» аэропорту. 8-июль, 2020-жыл.

8-июлда Бишкекке Түркиядан 326 кыргызстандык жаран кайтып келди. Аларды «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы алып келди. Бул каттам кайрадан Кыргызстандан Түркиянын жарандарын алып кетет.

Бул учакта Түркиядан тышкары Малайзия, Түндүк Кипр, Израил, Болгария, Канада мамлекеттеринен жана Европанын, Азиянын, Африканын башка өлкөлөрүнөн кыргызстандык жарандар келишти.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көптөн бери аларды чыгаруу мүмкүн болгон эмес.

Ошондой эле бүгүн, 8-июль күнү Москва-Ош багыты боюнча чартердик учакта Орусиядан 221 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Студенттер, кош бойлуулар жана жаш балалуу кыз-келиндер, мекенине чукул кайтышы керек болгон себептүү жарандар, оорукчан жана улгайган адамдар тизмеге киргизилген.

8-июль күнү Ошко Новосибирск шаарынан да 173 кыргызстандык жаран алынып келген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан берки аралыкта Кыргызстанга 21 миңдей кыргызстандык жаран чартердик каттамдар аркылуу 60тан ашуун өлкөлөрдөн кайтарылды. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан, Түркиядан, Кытайдан жана Бириккен Араб Эмираттарынан алынып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG