Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Профессор Бейшенбек Укуев кайтыш болду


Бейшенбек Укуев.
Бейшенбек Укуев.

Техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Бейшенбек Укуев оорудан кийин кайтыш болду.

Укуев информатика жана маалыматтык технологиялар тармагында Кыргызстандын алдыңкы адистеринин бири болгон.

Ал 125 илимий жана илимий-методикалык эмгектин, алардын арасында үч монографиянын, 12 окуу китебинын жана программаларга 15 автордук күбөлөндүрмөнүн автору.

2007-жылы эл аралык «Ататүрк» илим жана маданият фондунун лауреаты болуп, алтын медаль менен сыйланган. Эл аралык информатизациялоо академиясынын академиги, Педагогикалык билим берүү боюнча эл аралык академиянын академиги, Орусиянын Табият таануу академиясынын академиги жана бир катар университеттердин ардактуу профессору болчу.

Укуев эмгеги үчүн өлкө президентинин, Бишкек мэриясынын, Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган, Билим берүүнүн мыкты кызматкери, Илим жана техникага эмгек сиңирген ишмер наамдарына татыган.

XS
SM
MD
LG