Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Башкы прокуратура каза болгон эки кызматкердин жакындарына көңүл айтты


Эрмек Төрөкулов жана Рустам Кожобеков.
Эрмек Төрөкулов жана Рустам Кожобеков.

Прокуратура органдарынын пневмониядан каза болгон эки кызматкеринин сөөгү жерге берилди. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, мекеменин Изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Рустам Кожобеков 48 жашта, Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору Эрмек Төрөкулов 50 жашта болчу:

“Эрмек Төрөкулов прокуратура органдарында 1996-жылдан тартып эмгектенип келген. Сезимтал жана сабаттуу, өз өмүрүн мекенге кызмат өтөөгө арнаган, ишенимдүү жана ийкемдүү жолдош болгон. Рустам Кожобеков прокуратура органдарында 2005-жылдан бери иштеп келген. Ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде калмакчы. Маркумдардын жакындарына жана туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз”.

Башкы прокуратура каза болгон эки кызматкери мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышканын кошумчалады.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата коронавирустан 147, пневмониядан 452 адам каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги бул көрсөткүч былтыркыга караганда эки эсе жогору экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG