Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

Өкмөт башчы Боронов Минск шаарына учуп кетти


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

17-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык жыйынына катышуу үчүн Беларустун Минск шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда жыйында соода, өндүрүш, экономика, каржылык саясат боюнча өз ара кызматташуу маселелери талкууланат. Тараптар Евразия Экономикалык Биримдигинин газ рыногун түзүү сыяктуу темаларды талкуулашат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар дагы болушу күтүлүп жатат.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия кирет. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын алуу максатында уюшулган. Акыркы жылдары кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG