Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Рамзан Кадыров АКШнын "кара тизмесине" кирди


Рамзан Кадыров кызы Айшат жана жубайы Медни Кадырова менен. 2017-жыл, Грозный шаары.
Рамзан Кадыров кызы Айшат жана жубайы Медни Кадырова менен. 2017-жыл, Грозный шаары.

АКШ чечен лидери Рамзан Кадыровго карата санкцияларды кеңейтип, аялы менен кыздарын «кара тизмеге» киргизди. 

Кошмо Штаттар Рамзан Кадыров жана анын жакындарына кошумча санкцияларды киргизүү тууралуу чечимге «адам укуктарын бир канча жолу олуттуу бузган» деген жүйө келтирди.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараткан билдирүүдө айтылат.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

«Департаментте Кадыров соңку он жылдан бери бир катар адам укуктарынын бузулушуна, ошондой эле кыйноо, сотсуз өлүм жазасына тартуу өңдүү фактыларга жооптуу экенин ырастаган ынанымдуу маалыматтар бар».

АКШнын Финансы министрлиги Кадыровду «Магнитский актысынын» негизинде түзүлгөн санкциялык тизмеге 2017-жылы эле киргизген.

Азыр Кадыровдун жубайы Медни, кыздары Айшат менен Карина да «кара тизмеге» кошулду. Аларга «коррупцияга түз жана кыйыр кириптер болгон» деген негизде АКШга келип-кетүүгө, иш жүргүзүүгө тыюу салынып, активдери камакка алынды.

Беш ай мурун Кадыров тун кызы Айшат Кадырованы «Чеченстандын маданияты менен искусствосуна кошкон эбегейсиз салымы үчүн» мамлекеттик медалы менен сыйлаган.

Айшат Кадырова
Айшат Кадырова

21 жаштагы Айшат апасы Медни Кадырова 2009-жылы негиздеген "Firdaws" мода үйүн жетектейт. Компаниянын сайтында бир көйнөктүн баасы 160 миң рублга чейин көрсөтүлүп турганы менен 2018-жылы компания 1,5 миң рубль киреше тапканы тууралуу отчет берген.

Быйыл февралда мода үй Парижде жабык көрсөтмө өткөргөн. Ошондой эле Айшат Грозный шаарында «Париж» ресторанына ээлик кыларын жергиликтүү басылмалар жазып жүрүшөт.

Ал эми аялы Медни – Акмат Кадыров атындагы коомдук фонддун вице-президенти. Былтыр бул фонд 6 миллиард рублдан ашык жардам алган. Чеченстанда бул уюмга кайрымдуулукка акча которуу «өз ниети менен милдеттүү түрдө» жүргүзүлөрү айтылып келет.

Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Рамзан Кадыровдун 12 баласы бар, ортоңку кызы Карина тууралуу маалыматтар ачык айтылбайт.

Мамдепартамент ошондой эле Кадыровду коронавирус пандемиясы маалында Чеченстандагы абалды чагылдырган журналисттерди "коркутуп-үркүткөн" деп айыптаган. Вашингтон башка мамлекеттерди да алардын жолун жолдоп, Кадыровго карата чара көрүүгө үндөгөн.

Рамзан Кадыров буга жооп иретинде курал-жарак сакталган бөлмөсүндө эки колуна пулемет кармап турган сүрөтүн "Телеграм" каналына жарыялаган. Анын посту «Помпео, күрөштү кабыл алабыз! Мындан аркысы кызыктуу болот» деген жазуу менен коштолгон.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова «мындайга жооп берүү оңой болбойт, бирок биз бир нерсе ойлоп табабыз» деп "Фейсбукка" тамаша-какшык иретинде жазды.

Кремлдин көздөй кишиси саналган Кадыровдун дарегине адам укугун бузуу, кыйноо, адам өлтүрүү фактылары боюнча көптөгөн айыптоолор айтылып келет. Чеченстанда бийликти сындаган укук коргоочу, журналист жана жөнөкөй жарандар куугунтукталып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып, республика башчысынан кечирим сураган учурлар да бар.

Быйыл Рамзан Кадыровдун бийлигин сындап жүргөн эки чечен блогери – Имран Алиевдин сөөгү февралда Франциядагы бир шаарда, июлда Мамихан Умаровдун сөөгү Австриядан табылган. Ошондой эле Швецияда баш калкалап жүргөн активист Тумсо Абдурахмановго кол салуу болгон.

Былтыр «Российская ЛГБТ-сеть» жана «Новая газета» басылмалары Чеченстанда кумсалар куугунтукталып камакка алынып, жашыруун түрмөлөргө камалып, 50дөй адам дайынсыз жоголгонун жазып чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG