Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Түркияда издөөдө жүргөн адам Кыргызстандан кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын жашы жете элек балага жыныстык ыдык көрсөткөн деп шек саналып, эл аралык издөөдө жүргөн 32 жаштагы жараны Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш 2011-жылы жасалып, Интерполдун багыты боюнча шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Аны ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери колго түшүрүп, шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул боюнча Түркия тарапка кабар берилди.

Андан сырткары, Түркияда дайынсыз жоголгону айтылган дагы бир адам табылды. Болжолдуу маалымат боюнча ал Кыргызстанга 2005-жылы келип, ошондон бери жашап жүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG