Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Боронов: Ишкерлерди колдош үчүн 14 миллиард сом бөлүндү


Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун онлайн кеңешмеси. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо программасына бөлүнгөн 14 млрд. сом өздөштүрүлүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 17-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен пандемия шартындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелеси талкууланган онлайн кеңешмеде билдирди.

Боронов аймактардагы ишкерлерди колдоодо, аларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди азайтуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, банктан насыя алыш үчүн кенек болгон документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттин тартыштыгы менен көмүскө экономиканы азайтуу боюнча иш планын түзүп чыгууну тапшырды. Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, материалдык резервди дан эгиндери жана дары-дармектердин запасы менен толуктоону сунуш кылды.

Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1496 кишиге жетти. Вирусту 41991 киши жугузуп алып, анын 34567си айыкты.(NT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG