Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Шайлоо-2020: «Биримдик» партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады


«Биримдик» саясий партиясы парламенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 19-августтагы жыйындагы чечимге ылайык, алдыңкы 16 орунга төмөнкү талапкерлер кирди:

1. Акылбек Жамангулов

2. Улукбек Кочкоров

3. Төрөбай Зулпукаров

4. Евгения Строкова

5. Талас Бегалиев

6. Улан Бакасов

7. Сухбатила Мирзаев

8. Аида Касымалиева

9. Талантбек Иманов

10. Гүлжигит Жумаев

11. Марат Аманкулов

12. Нуржан Тынымсеитова

13. Айбек Алтынбеков

14. Илгиз Капаров

15. Бакирдин Субанбеков

16. Нурзат Осмонова.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмеси БШКга тапшырылып, 4-сентябрда үгүт башталат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, ушу тушта шайлоого катышуу үчүн тизме тапшырган партиялар 20дан ашты. Башында парламенттик шайлоого 44 партия катышарын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG