Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

«Чыгыш электр»: Нарын жана Ысык-Көл облустарынын карызы 100 млн. сомго жакындады

Электр зымдарын оңдоо учуру. Кыргызстан. Июль, 2019-жыл.
Электр зымдарын оңдоо учуру. Кыргызстан. Июль, 2019-жыл.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын электр энергиясы үчүн карызы көбөйүп кетти. Буга байланыштуу 24-августтан тартып карызы барлардын жарыгын өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу «Чыгыш электр» ишканасынын басма сөз кызматы 20-августта билдирди.

Андан алынган маалыматка караганда, бүгүнкү күндө абоненттердин карызы 99,4 миллион сомго жетти. Анын 52,6 миллиону Ысык-Көл, 46,7 миллион сому Нарын облусунун тургундарына тиешелүү.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу март айынан тартып өкмөт  электр энергиясына карызы барлардын төлөмүн кабыл алууну үч айга токтоткон. 

«Чыгыш электр» карыздар убагында төлөнбөсө, күз-кыш мезгилдерине толук даярдык көрүлбөй каларын эскертип жатат. Мекеме абоненттерди райондук электр станциясы, почта, терминалдар жана электрондук капчык аркылуу карызын убагында төлөөгө чакырды. (NT)

 

XS
SM
MD
LG