Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

COVID-19: Бир сутка ичинде дагы 119 кишиден коронавирус табылды


Кыргызстанда 25-августта коронавирус жана пневмония дагы 119 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августтагы брифингде билдирди. Вирус аныкталгандардын 15и Бишкекте, Ошто – 8, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда - 15, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда - 19, Талас облусунда – 4 учур катталды.

Ушуну менен 25-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандар 43 245 адамга жетти. Акыркы суткада 310 адам ооруканадан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 925 адам айыкты. 25-августта коронавирус жугузуп каза болгондор катталган жок. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жеткен. Стационарда 1021, амбулаториялык ыкма менен 4563 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG