Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

БШКда партия өкүлдөрү документ каттоо боюнча кайым айтышты


Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) 25-августта «Реформа», «Ата Мекен» жана «Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү кайым айтыша кетишти.

«Реформа», «Ата Мекен» партияларынын мүчөлөрү БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы «Кыргызстан» партиясынын документтерин тапшыруу мөөнөтү боюнча жумушчу топтун жыйынын «атайлап создуктуруп жатат» деп сынга алышты.

«Реформа» партиясынын мүчөсү Азият Жекшеев жыйын алгач 09.00гө белгиленип, бирок кийин дагы бир саатка жылганын, акырында 14.00гө коюлганын билдирди. «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Талант Мамытов 24-августтагы чыр учурунда БШК төрайымына басым-кысым болгонун айтты. Ал эми берки партиялардын өкүлдөрү буга макул болбой, БШК документ кабыл алуу эрежесин бузганын билдиришти.

24-августта «Кыргызстан» партиясы документтерин тапшырууда кечигип калганы кабарланган. Партия лидери Канатбек Исаев документтер өз убагында берилгенин айтууда. БШКнын каттоо журналындагы аталган партиянын документ тапшырган мөөнөтү чийилип, оңдолгону коомчулукта катуу талкууланууда.

БШК бул маселени жумушчу топтун кеңейтилген жыйынында караганы жатат.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 24-августта саат 18:00гө чейин талапкерлердин тизмесин катташ үчүн тиешелүү документтерди БШКга берүүгө тийиш.

БШК документтерди кабыл алгандан кийин 10 күн ичинде талапкерлердин тизмесин текшерип чыгат. Андан кийин талапкерлердин тизмесин каттайт же жүйөлүү себептерге таянуу менен каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип чыгат, андан кийин бир айлык үгүт өнөктүгү башталат. (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG