Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Кочкордо аялдар сүттү кайра иштетүүнү үйрөнүшөт


Кочкордо жумушсуз жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарга сүттү үй шартында кайра иштетип, пайда көрүү боюнча тренинг башталды. Адистер аймактагы 26 аялга сүт азыктарын жасап ишкерлик кылуунү үйрөтүп жатышат.

24-августта башталган бир апталык окутууну «Глобалдык өзгөрүүлөр фонду» «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фондунун колдоосунда уюштурду.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2% гана аялдар. Ири ишкер аялдардын ичинен 22% өндүрүш тармагында, 56% соодада иштейт. Өзүнүн жеке ишин ачкандар 19% түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG