Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Элчилик: Кыргызстан-Орусия аба каттамдары жанданды


Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 27-августтан баштап мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар элчиликке кайрылбай эле билеттерди «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез Жет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларынан түз сатып алса болорун маалымдады.

Жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек жана Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан учуп жатышат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы консулдуктар кайтып келиш үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотууну чечти.

Буга чейин өкмөт Кыргызстанда пандемиядан улам бир канча убакыт иштебей турган аба майдандарынын баары күнү-түнү жүргүнчү тейлөөгө даяр экенин билдирген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан ички жана сырткы аба каттамдарын токтоткон. Чет өлкөдөгү мекендештер чартердик рейстерде ташылып жаткан.

Июндан тартып Бишкек-Ош-Бишкек багытында гана аба каттамы калыбына келтирилген. Сентябрга жакын Жалал-Абаддагы, Баткендеги, Ысык-Көлдөгү аба майдандары иштей баштай тургандыгы кабарланган.

7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары кайра жолго коюлган. Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге аба каттамын ачуу тууралуу расмий Бишкек сунуш берген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG