1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган. Анын алдында 30-июндагы кезексиз сессиясында парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында алар эмгек өргүүсүнө чыгышат. 2020-жылы парлементтин эс алуусу пандемиянын күчөп турган учуруна туш болду.
Быйыл 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болот. (TSh)