Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сараж ички иштер министри Фатхи Али Башагуну Триполидеги нааразылык акцияларынан кийин кызматтан бошотту.
"Reuters" маалымдагандай, буга демонстранттарга каршы ок атылганы себеп болду. Фаиз Сараж ок атууну иликтөөгө убада берген.
Ливиядагы демонстрациялардын катышуучулары өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда. Алар өкмөттү инфляцияга, коррупцияга, жумушсуздукка жана коронавирус пандемиясына айыпташууда.
Триполидеги нааразылык акцияларында эки ирет полиция менен кагылышуу болгон. "Аль-Арабия" каналы министр өкмөт башчы Саражга айтпай Түркияга кеткен учурда кызматынан бошотулганын жазды.
Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп жүрөт. Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой турганы кабарланып келет. Түркия БУУ тааныган өкмөткө жардам бериш үчүн Ливияга аскерлерин жөнөткөн.