Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:46

Кыргызпатент акын-жазуучулар жана сүрөтчүлөр арасында сынак жарыялады


Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын (Кыргызпатент) имараты. Бишкек шаары.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) жарыялаган сынак акын, жазуучу, сүрөтчүлөргө багытталган. Мекеменин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн адиси Акжол Дооранбек уулу «Азаттыкка» билдиргендей, сынак алты номинация боюнча өткөрүлөт. Алар: проза, поэзия, балдардын көркөм адабияты, альбомдор, каталогдор, социалдык, гуманитардык багыттагы плакаттар, брошюралар жана илимий-популярдуу чыгармалар.

Сынакка 30 жаштан жогорку жарандар катышат жана мурда эч жерге жарык көрбөгөн эмгектер болушу керек. Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары Кыргызпатенттин эсебинен каржыланып, китеп болуп чыгат. Сүрөтчүлөрдүн жеке каталогу жарык көрөт.

Калыстар тобуна белгилүү жазуучулар, сүрөтчүлөр, илимдин докторлору, кандидаттары кирген.

Мекеменин маалыматына караганда, долбоор кыргыз адабиятын, көркөм сүрөт өнөрүн колдоо максатын көздөйт. Сынакка материалдар 30-ноябрга чейин кабыл алынат. (MSd)

XS
SM
MD
LG