Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Түрк министри өлкөдө коронавирус кайрадан күчөй баштаганын билдирди


Түркиялык медиктер.
Түркиялык медиктер.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдөгү курч жагдай тууралуу айтты.

«Пандемия уланып, күн сайын вирус жуккан учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи фазасын баштан өткөрүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары дагы эле кооптуу», - деди министр.

Министр Кожа пандемия башталгандан бери өлкөдө 30 миңден ашык медицина кызматкерине вирус жукканын, алардын 52си көз жумганын билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 2-августта COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 6462 кишиге жетти. Вирусту жугузуп алгандар 273 миңден ашты. Ошол эле маалда 250 миңге жакын бейтап айыгып чыкты.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы үч миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Түркия Кыргызстан менен 7-августта аба каттамдарын ачкан.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир ж.б. ири шаарларда жашап, иштешет. (ElB)

XS
SM
MD
LG