Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:32

Депутат гранттардын кайда жумшалганы тууралуу отчёт берүүнү талап кылды


Рада Туманбаева.
Рада Туманбаева.

Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы сессиясында «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Рада Туманбаева четтен алынган гранттардын кайда жумшалып жатканына кызыкты. Анын айтымында, ушул убакка чейин алынган миллиондогон гранттардын кайда жумшалганы тууралуу так маалымат берилбегендиктен, анын эсебин эч ким билбейт.

«1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстан чет жактан 10 миллиард 193 миллион доллар насыя жана грант алыптыр, - деди ал. - Анын эки миллиард 873 миллиону грант. Бирок ушул убакытка чейин алынган акча кайда кеткени тууралуу элге эч кандай маалымат берилген эмес. Пандемияда алынган акча боюнча атайын программа түзүлүп, бирок кандайдыр бир тоскоолдуктар менен иштебей калды. Башка жактан келген каражаттардын баары жерге себилген суудай болуп сиңип кетти».

Рада Туманбаева өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, атайын сайт ачып, келген каражаттар тууралуу эмнеге маалымат берилбей жатканын сурады. Ал мындай маалыматтардын ачык болбогону Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү аброюна көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи.

Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG