Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

«Реформа» партиясы БШКнын «Бүтүн Кыргызстанды» каттабай койгонун сындады


«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Бүтүн Кыргызстан» партиясын БШК каттоодон өткөрбөй койгонуна байланыштуу билдирүү таратты.

Социалдык тармактар аркылуу тараган билдирүүдө БШКнын негизги функциясы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды жана мыйзамдуулуктун кепилдиктерин камсыз кылуу экени белгиленген.

«БШК 2020-жылдын 2-сентябрында өткөн жыйынында Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартканы жөнүндө билдирүүсүн канааттандырган жок, ошондуктан арыз ээсинин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлерди көрсөтүүнүн эрежелери бузулгандыгы жөнүндө жүйөлөрү добуш берүүнүн натыйжасында четке кагылган. Бирок 2020-жылдын 3-сентябрында БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартып, мурункусуна таптакыр карама-каршы чечим кабыл алган», деп жазылган билдирүүдө.

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясы купуялыкты бузду деп тапкан.

Сооронкулова өз билдирүүсүндө БШКнын жумушчу тобунун жүйөлөрүн «негизсиз» деп атап, ага каршы өз жүйөсүн келтирет.

«Биринчиден, БШКнын «добуш берүүчү кабинанын жоктугу жана бюллетендерди ачык толтурганы жашыруун добуш берүү принцибин бузат» деген билдирүүсү негизсиз. Анткени Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында партиянын жыйынын өткөрүүгө жана добуш берүүнүн жол-жоболоруна карата кандайдыр бир талаптар камтылган эмес. Добуш берүүнүн купуялыгы бул добуш берүүчүнүн жеке тандоосуна эч ким тоскоолдук кылбоо керектигин билдирет жана бул процессти ишке ашырууда сөзсүз түрдө добуш берүүчү кабинка болуш керек экендиги негизсиз. Добуш берүүнүн купуялыгы - бул жеке эркиндиктин көрсөткүчү жана аны камсыз кылыш үчүн шайлоочулардын тандоосуна четтен таасирин тийгизбөөгө арналган процедуралар жетиштүү», деген тыянак чыгарат партиянын лидери.

Сооронкулова БШКны «калыстык принцибинен тайды» деп айыптап, «"Кыргызстан" партиясы талапкерлерди көрсөтүү жол-жобосун одоно бузганына карабастан, аны каттоодон өткөрдү» деп сынга алган.

25-августта БШКнын отурумунда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Кыргызстан» партиясы 50 гана талапкердин документин тапшырганын, ал эми мыйзамга ылайык, партиянын тизмесиндеги талапкерлердин саны 75тен кем болбошу керек экенин айткан.

XS
SM
MD
LG