Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Новак Жокович АКШнын ачык чемпионатынан четтетилди


Топ калыстын мойнуна урулган жана ал тизелеп жыгылып калып, аз убакыт дем ала албай кыйналган.
Топ калыстын мойнуна урулган жана ал тизелеп жыгылып калып, аз убакыт дем ала албай кыйналган.

Атактуу теннисчи Новак Жокович спортко жат жүрүм-турумунан улам АКШнын ачык чемпионатындагы мелдештен четтетилип калды. Сербиялык спортчу топту капталын көздөй карабай туруп ыргытып жибергенде, ал линияда турган калыска тийген. Видеодон топ калыстын мойнуна урулганын, ал тизелеп жыгылып, аз убакыт дем ала албай кыйналганын көрүүгө болот. Теннисчи ага дароо жетип барып кечирим сураган жана сүйөп тургузууга аракет кылган. Калыс өйдө болору менен оюн талаасынан кетип калган.

Жокович мелдештин уюштуруучуларын топ менен калысты кокусунан уруп алганына ынандырганга аракет кылды. Бирок аны оюндардан четтетүүдөгү башкы жүйө бир канча мүнөттүн ичинде эле бул анын спортто жат экинчи жүрүм-туруму экени болду. Жокович ошондой эле бул мелдештин алкагында топтогон упайларынан, сыйлык акчасынан да ажыратылмакчы.

Мындай жагымсыз жагдайдан кийин Жокович "Инстаграмдагы" баракчасына бул окуя ага сабак болгонун белгилеп, калыс менен күйөрмандарынан кечирим сурады.

Новак Жокович "Чоң шлем" мелдештеринде 17, ал эми АКШнын ачык чемпионатын үч жолу жеңген. Ал дүйнөдөгү мыкты эркек теннисчилердин сап башында турат.

XS
SM
MD
LG