Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Стамбулдагы чабуул боюнча айыпталган Машарипов 1368 жылга кесилди


Абдулкадыр Машарипов, 2017-жыл.
Абдулкадыр Машарипов, 2017-жыл.

7-сентябрда Түркиянын Стамбул шаардык соту 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салуу боюнча айыпталган Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, 1368 жылга өкүм кылынганын маалымдады.

Сот Машариповго "адам өлтүрүү", " теракт уюштуруу" жана "конституциялык түзүлүштү өзгөртүү" беренелери боюнча айып койгон.

Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 57 киши да ар түрдүү беренелер менен кесилди. Алардын арасында Машариповдун жубайы Зарина Нуруллаева да бар.

Абдулкадыр Машарипов окуядан 16 күндөн кийин Стамбул шаарында жашыруун жашаган үйүнөн атайын операциянын алкагында кармалган. Түнкү клубдагы чабуул үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

"Anadolu" агенттиги маалымдагандай, Абдулкадыр Машарипов Өзбекстандын Кокон шаарында туулган. Бирок түрк басылмалары Машарипов Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышкан.

1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 70ке чукулу жарадар болгон. Окуядан кийин Стамбулдун эң белгилүү түнкү клуб ишмердүүлүгүн токтоткон. (ElB)

XS
SM
MD
LG