Журналисттер алардын коопсуздугу үчүн чакыртылып алынган. Телеканалдын маалыматына караганда кабарчыларды Кытайдын коопсуздук кызматы суракка алган.
Кытайдан журналисттерин Австралиянын дагы бир маалымат агенттиги «Australian Financial Review» да чакыртып алганы кабарланууда.
Сурактан кийин журналисттер Австралиянын Бээжиндеги элчилигинде болушкан, аларды өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгарып кетүү маселесин Кытай бийлиги менен дипломаттар сүйлөшкөн. 8-сентябрда кабарчылар Сиднейге жеткирилди.
Сурактын мазмуну ачык айтылган жок.