Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

11-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Сары-Челек.
Кыргызстан. Сары-Челек.

11-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...12, күндүз 28…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 20…22° болот.

XS
SM
MD
LG