Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 385 адам каза болду


Ош-Бишкек жолунда болгон автокырсык. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош-Бишкек жолунда болгон автокырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде 3 474 жол кырсыгы болуп, анда 385 адам каза болгонун билдирди. Маалыматка ылайык бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% аз.

Жол кырсыгынын 78% айдоочулардын күнөөсүнөн болгон. Ага кошумча акыркы жылдары өлкөдө автоунаалар көбөйгөнү белгиленет. Ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 миң 780 автотранспорт каражаты бар.

Бул тууралуу маалымат 11-сентябрда өкмөттө жол коопсуздугу боюнча өткөн кеңешмеде айтылды.

«Биздин жолдор мынча автоунаага эсептелген эмес. Алардын көптүгүнөн улам жол тыгындары пайда болуп жатат. Айдоочулар ар кыл ыкмага салып айдагандыктан авариялар көп катталууда», - деди вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Кийинки күндөрү өлкөдө автокырсыктан мерт болгондор көбөйдү. Августтун аягы, сентябрь айынын башында эле 30дай киши жол кырсыгынан каза болду.

Өз максаттарына жол кырсыктарын азайтууну камтыган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи бөлүгү Кыргызстанда 2019-жылдын февраль айында башталып, «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

Көзөмөл камера-комплекси орнотулган аймактарда кырсыктар азайганы байкалганы менен камералар жок жерде, чоң трассаларда жол кырсыктары азайган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG