Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Алматы шаарында нааразылык акциясы өтүп жатат


Алматы шаары. 13-сентябрь, 2020-жыл.
Алматы шаары. 13-сентябрь, 2020-жыл.

Шевченко жана Уалиханов көчөлөрүнүн кесилишине чогулгандар бийликтен насыялык мунапыс берүүнү, саясий туткундарды бошотууну талап кылып, чет өлкөлүктөргө жер берүүгө каршы болгон пикирлерин айтып жатышат. Нааразылык акциясы жергиликтүү бийлик менен макулдашылган.

Буга чейин демилгелүү топтун башчысы, активист Жанболат Мамай тарапкерлерин чогулууга чакырган. Акцияга ондогон адамдар келди. Алар колдоруна жарандык активист Макс Бокаевди, Арон Атабекти бошотууну талап кылган баракчаларды көтөрүп турушат. Акцияга полиция кызматкерлери көз салышууда. Активист Мамайдын айтымында, ушундай эле акциялар Караганды, Актөбө жана Семей шаарларында өтүп жатат. Ал эми Чымкент жана Таразда жергиликтүү бийлик митингге уруксат берген эмес.

2016-жылы Жер кодексине жерди чет өлкөлүктөргө сатуу, узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыяланган. Мораторийдин мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда 7 миллиондон ашык киши насыя алган. Демилгелүү топтун маалыматы боюнча, насыяларды кечүүнү суранып 100 миңдей арыз түшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG