Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Швейцария Каримованын 131 миллион долларын Өзбекстанга кайтарат


Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда түрмөдө отурат.
Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда түрмөдө отурат.

Берн менен Ташкент Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын акчасын кайтаруу боюнча макулдашты. Ага ылайык, Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Өзбекстанга которулат. Бул тууралуу Швейцария өкмөтү кабарлады.

Анда «макулдашуунун алкагында Ташкент акчаны кайтаруу, каражатты «эл шартын жакшыртыш үчүн колдонуу», туруктуу өнүгүүнү камсыз кылчу долбоорлорго жумшоо боюнча ачык-айкындуулукту камсыз кылып, отчёт бериши керек» деп жазылат.

Гүлнара Каримованын Швейцария банктарында мындан башка дагы 715 миллиондой доллары ага козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эле камакта болмокчу.

Ушул жылдын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каримова бул өлкөгө чыгарып кеткен искусство буюм-тайымдарын да кайтарып аларын билдирген.

Ушул жылдын май айында Франция Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстанга кайтарып берген.

Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар коюлган жана ал 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG