Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталды


Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат.
Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Ага ылайык, президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү.

Өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз.

БШКнын катчысы Навруз Самадзода «Азаттыктын» тажик кызматына ушул тушта Демократиялык партиянын төрагасы Саидджафар Усмонзоданын штабы тапшырган документтер иликтенип жатканын, ал өзү БШКга чакырылганын, чечим жакында чыгарын билдирди.

Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат.

Эл аралык коомчулук, Батыш мамлекеттери Тажикстандагы бир да шайлоого «эркин, ачык атаандаштык шартында, демократиялык принциптерге жараша өттү» деп баа берген эмес.

Тажикстанда президент жети жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG