Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

COVID-19: Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 45 миңге жетти


Адистер коронавирусту жайылтпоонун бир жолу катары коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде беткап кийүүнү сунуш кылышат.
Адистер коронавирусту жайылтпоонун бир жолу катары коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде беткап кийүүнү сунуш кылышат.

Кыргызстанда 15-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 80 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 999 кишиге жетти. Алардын 41 103ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады. 15-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллиондон ашты. Алардын 927 миңден көбү көз жумду, 19 миллион 776 миңдейи айыгып кетти.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG