Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Ташкентте Кореяга ишке орноштурууга убада берип алдап кеткендер соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкенттин Яккасарай райондук соту 14-сентябрда «Korean and Migrations» аттуу ишке орноштуруучу жеке менчик агенттикке байланыштууу өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун «Телеграм» каналы маалымдады. Ага ылайык, агенттиктин директору Кахрамон Отакулов менен Наманган облустук филиалынын башчысы Одил Кабилов тогуз жылга эркинен ажыратылды. Агенттикти негиздеген Хуашвакт Турдиев менен окуу иштери боюнча агенттиктин башчысы Мусурмон Аликулов 8,3 жылга түрмөгө кесилди.

Бул иш боюнча сот ушул жылдын июнь айында башталган. Тергөө материалдарына ылайык, жеке менчик агенттиктин өкүлдөрү өзбекстандыктарга Түштүк Кореядан жумуш таап берүүгө убада беришкен жана жалган келишимдерди түзүп, жасалма квитанцияларды беришкен.

Сотто 2300дөн ашык адам жабырлануучу деп табылган жана алар тарткан материалдык чыгым 24,2 миллиард сум, башкача айтканда 2,5 миллион доллар деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG