Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

АКШ элди вакцина менен камсыз кылуу тууралуу планын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ өкмөтү коронавируска каршы натыйжалуу жана коопсуз вакцина табылары менен бардык америкалыктарды ал препарат менен акысыз камсыз кылуу планын жарыялады.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилд жана башка жооптуу адамдар мындай мазмундагы баяндамасын 16-сентябрда Конгресске сунуш кылышты. Ага ылайык, эмдөө жараяны жыл этегинде же январь айында башталып, бара-бара ага бардык америкалыктар камтылат.

«Вакцина адегенде ноябрь-декабрь айларында колубузга тиет деп ойлойм. Бирок чектелген гана санда болгондуктан кимге артыкчылык берилерин чечип алууга тийишпиз. Америкалыктардын бардыгы качан камсыз болот, вакцинанын артыкчылыгынан пайдаланып нормалдуу турмушка качан кайта алабыз деп сурап атсаңыз, балким 2021 жылдын экинчи кварталынын этеги, үчүнчү квартал деп ойлойм», - деди Редфилд.

Бирок ал вакцина тиешелүү мекемелер тарабынан жактырылгандан кийин калың элге дагы 6-9 айдан кийин жетерин Конгрессте айтты.

15-сентябрда президент Дональд Трамп вакцина 3-4 жуманын ичинде даяр болорун айткан. Андай болсо, эмдөө 3-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин баштылышы керек. Трамп Ак үйдөгү брифингде кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, Редфилддин билдирүүсүн «туура эмес маалымат» деп атады.

Демократтардын президенттикке талапкери, Трамптын оппоненти Жо Байден мамлекет башчыны вакцина чыгаруу маселесин «саясатташтырып жатат» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG