Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Мурдагы модел Эми Доррис АКШнын президенти Дональд Трампты жыныстык зомбулук боюнча айыптоодо


Трамп шайлоочулар менен жолугушууда.

«The Guardian» басылмасынын жазганына караганда, Эми Доррис Дональд Трамп менен 1997-жылы теннис чемпионатында жолугушкан. Ал кезде Трамп ишкерлик кылчу. Дорристин айтуусунда жолугушуудан кийин Трамп аны кучактап, жыныстык ыдык көрсөткөн.

Басылма Дорристин айткандарын анын энеси жана психотерапевти ырасташканын белгилейт.

Ал эми президенттин адвокаттары бул дооматты четке кагышууда. Алар мурунку моделдин айыптоосу президенттик шайлоонун алдында чыгып атканын белгилеп, анда саясий негиз болушу ыктымал деп эсептешет.

Бул президент Трамптан жыныстык ыдык көргөнү тууралуу айыптагандардын алгачкысы эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо Трамптын каалаган аялды кармалай аларын айтып мактанганы жазылган аудио тасма чыгып кеткен. Трамп ал сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Дональд Трамп АКШ президенттигине 2016-жылкы шайлоодо утуп келген. Быйыл 3-ноябрга белгиленген шайлоодогу Трамптын атаандашы - Демократиялык партиянын өкүлү Жо Байден.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG