Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Бекматов: шайлоочулардын акыркы тизмеси 27-сентябрда даяр болот


2017-жылдагы президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
2017-жылдагы президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси шайлоо күнүнө бир жума калганда жарыяланарын кабарлады. Бул 27-сентябрга туура келет.

«19-сентябрда шайлоо участкаларында кабыл алынган арыздар, маалыматтар эки-үч күндө иштелип чыгат. Акыркы тизме шайлоого жети календардык күн калганда даярдалат», - деди Бекматов.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелеринде кыргызстандыктар 19-сентябрга чейин шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыз беришти. Адамдар бир топ жерде кишилерди идентификациялык каттоо системасы иштебей маселе жаралганын айтып арызданышты. Ушундан улам №2 форманы толтурууда кезек күткөндөр көп болгону кабарланды.

Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны үч миллион 465 миң адамды түзгөн. Алардын жарым миллионго жакыны Бишкек шаарына, 700 миңдейи Ош облусуна туура келет. Акыркы тизмеде бул сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталышты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG