Премьер-министр Кубатбек Боронов саясий партиялар үгүт иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, беткап тагынуу сыяктуу санитардык талаптарды камсыз кылышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Боронов республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып, тийиштүү органдар 50дөн ашык адамдардын топтолушуна көзөмөлдү күчөтүшү зарыл экенин белгиледи.
«Акыркы убакта дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус жуккандар көбөйүп жатканы айтылууда. Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот», - деди Боронов.
Өкмөт буга чейин да партиялардын жыйындарында санитардык эрежелер сакталышы керек экенин эскерткен болчу. 12-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын эл менен жолугушуусунда санитардык эрежелер сакталбай жатканын сынга алган.
Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. Айрым партиялар аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт. (TSh)