Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Кытайда Си Цзиньпиңди сындаган ишкер 18 жылга түрмөгө кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда кыймылсыз мүлк магнаты, блогер Жэнь Чжицян 18 жылга эркинен ажыратылды. Бээжин соту «Huayuan Real Estate Grouр» мамлекеттик курулуш компаниясынын мурдагы башчысын «коррупция, паракорчулук, мамлекеттин мүлкүн кымырып алуу, кызмат абалынан аша чабуу» беренелери боюнча боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага ошондой эле 618 миң доллар айып да салынды. Сотто ал күнөөсүн мойнуна алганы айтылды.

69 жаштагы Жэнь убагында Коммунисттик партиянын таасирлүү мүчөсү болгон жана партия лидерлери, анын ичинде вице-президент Ван Цишань менен жакшы мамиледе жүргөн.

Ал быйыл март айында Бээжиндин коронавирус пандемиясы маалындагы аракеттерин сындап билдирүү жазгандан кийин уулу жана жардамчысы менен кошо ың-жыңсыз жоголуп кеткен.

Анын алдында Жэнь социалдык тармактарда Коммунисттик партияны да сындап жаткан.

Ушул жылдын июль айында ал Компартиянын катарынан чыгарылган жана анда «бала-чакасы менен эпсиз байлык топтоп алган» деп айыпталган.

Жэндин билдирүүсүндө Кытайдын лидери Си Цзиньпиңдин аты аталган эмес, бирок «бийликти жакшы көргөн, император болууну чечкен маскарапоз» деген сөздөрдү колдонгон. Анын «Weibo» социалдык тармагындагы баракчасына 38 миллион адам катталган. Кытай бийлиги бул баракчаны жаап койгон.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG