Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 12:15

COVID-19: ДССУ шыбактан жасалган дарыны сыноого уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) чөп-чардан жасалган африкалык дарыны сыноонун үчүнчү баскычын өткөрүүнү жактырды.

Африка мамлекеттеринде пандемия башталгандан бери коронавируска жана коронавирус козгогон пневмонияга каршы чөптөн жасалган суюктук жардам берип жатканы айтылууда. Ал суюктуктун негизин кадимки шыбак түзөт.

Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина жаңы дары тууралуу расмий түрдө апрель айында эле жарыялаган. Мадагаскардын бул ачылышын Африкадагы башка мамлекеттер да колдошкон.

Бирок ДССУнун Африка боюнча бюро жетекчиси Михел Яо мындай дары-дармектердин натыйжалуулугу далилдене элек болгондуктан азырынча колдонууга эрте экенин эскертип, аны текшерип көрүш керек экенин билдирген.

Шыбактын дарылык касиеттери мурдатан эле көбүнө маалым. Малярияга каршы 20 жылдан бери колдонулуп келген «Артемизинин» препаратынын негизин да ушул чөп түзөт.

Алжирдеги илимпоздор жазында малярияга каршы дары-дармектерди коронавируска каршы колдонуп көрүшкөн. Алардын иликтөөсү «Артемизинин» дарысы «Гидроксихлорохинге» караганда натыйжалуу экенин көрсөткөн. Ал учурда «Гидроксихлорохин» да коронавируска каршы препараттардын бири катары айтылып жаткан. Бирок кийин андан көп өлкөлөр баш тартышты.

Учурда шыбак ачытмасынын дарылык касиетин Германиядагы Потсдам университетинин окумуштуулары да иликтеп жатышат.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG