Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

COVID-19: Мамдуманын он депутаты ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ушул тушта коронавирус жуккан он депутат ооруканада жатканын билдирди. Ал мындан тышкары 50дөй эл өкүлү ооруп айыкканын айтты.

Спикер коронавирус пандемиясынан улам депутаттар парламенттин ишин жабык режимде улантуу боюнча сунушту колдогонун маалымдады. Ага ылайык, Мамлекеттик Думага келген-кеткендерге чектөө киргизилет, комитеттердин жыйындары онлайн гана форматта өтөт.

Володин жашы өйдөлөп калган депутат Владимир Борткого аралыктан иштөөнү сунуш кылды. Өткөн аптада Валентина Терешкова баштаган улгайган депутаттарга да ушундай өтүнүч менен кайрылган.

Ал арада Алтай крайынын башчысы Виктор Томенко менен Адыгей Республикасынын жетекчиси Мурат Кумпиловго да коронавирус жукканы белгилүү болду. Алар аралыктан иштегенге өтүштү.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда коронавируска кабылгандар 1,1 миллион адамдан ашты, 19,5 миңдей бейтап көз жумду. Акыркы бир күн ичинде оору дагы алты миңден көп кишиден табылды.

XS
SM
MD
LG