Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен сегиз аял, бир эркек чыгып кетти


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого аттанган «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен тогуз талапкерди чыгарды.

Бул тууралуу 23-сентябрдагы расмий кабар таратылды. Бирок алардын тизмеден чыгып кетишинин чоо-жайы маалым эмес.

Тизмеден чыккандар:

Хамракул Жаныкулов (тизмеде 57-орунда);

Лунара Мамытова (тизмеде 112-орунда);

Малика Ахметова (тизмеде 121-орунда);

Сайкал Калиева (тизмеде 150-орунда);

Алина Шакирова (тизмеде 180-орунда);

Гүлжамал Таирова (тизмеде 187-орунда);

Мадина Абдукадырова (тизмеде 193-орунда);

Сабина Айтыева (тизмеде 198-орунда);

Бермет Касымова (тизмеде 200-орунда).

Азырынча «Мекеним Кыргызстан» партиясы талапкерлердин баш тартышы боюнча маалымат тараткан жок. БШК деле алар өз арызы менен чыгарылдыбы же башка себеп болгонбу, түшүндүрө элек.

Жогоруда аты аталгандардын арасынан Лунара Мамытовага байланышканыбызда, өз каалоосу менен арыз жазганын, башка комментарий бербей турганын айтты.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, парламентте 30% гендердик квота каралган. Укук коргоочулар иш жүзүндө мындай квота сакталбайт деп айтып келишет. Аял депутаттар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, алардын ордуна эркектер келген учурлар көп. (SE)

XS
SM
MD
LG