Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Өкмөт 2020-жылы милицияга элдин ишеними жогорулады деп эсептейт


Ички иштер министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегия.
Ички иштер министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегия.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, «2020-жыл ичинде Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Айыл чарба министрлигине элдин ишеними жогорулады» деди. Бул тууралуу өкмөт башчы 23-сентябрдагы онлайн брифингде билдирди.

«Улуттук статистика комитети тарабынан дайыма чыгарылып туруучу калктын ишеним индексинин көрсөткүчүндө 2020-жылдын ичинде үч органга болгон элдин ишеними жогорулады. Элибиз ар бир органдын кандай иштеп жаткандыгын көрүп турат. Иштеп жаткан адамды эч качан «иштеген жок» деп айтпайт. Эл калыс», - деди Боронов.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ички иштер органдарына болгон элдин ишеними өткөн жылы 15,1 балл болсо, быйыл 40,8 баллга көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо уюмдарына өткөн жылы 17 балл берилсе, быйыл 36,7 баллга жеткен. Айыл чарбасындагы органдарга өткөн жылы 24,9 балл берилсе, быйыл элдин ишеничи 33,5 баллга жогорулады.

Бирок жарандык активисттер айрыкча Ички иштер министрлиги менен Айыл чарба министрлигин сындап, алар кескин реформага муктаж экенин айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG