Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Интернеттеги пикири үчүн суралгандар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактардагы пикири үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакыруу токтой элек. Мындай кырдаалга пикирин ачык билдирген активисттер эмес, айылдардагы карапайым дыйкандар да туш болгон.

Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Алмазбек Айдаралиев аттуу тургуну август айында райондук милицияга суракка чакырылган. Буга анын «Фейсбукта» бийликти ачык сындаган белгисиз колдонуучунун пикирин бөлүшүп койгону себеп болгон. Айдаралиев «Фейсбуктагы» аракети үчүн жооп берип калам деп ойлогон эмес.

Өзүмдүн нааразы пикиримди бийликке, депутаттарга айтканга конституциялык укугум бар.

«Мен өзүм дыйканчылык менен жети баламды багам. «Фейсбукка» бирөө бийликти сындап, «кетсин, иштей албайт» деген мааниде пикир жазган экен. Аны мен бөлүшүп койгон экенмин. Бирок аны качан бөлүшкөнүм эсимде жок. Мени ошон үчүн милицияга чакырышыптыр. Мен аларга «бөлүшсөм, бөлүшкөндүрмүн. Анткени өзүмдүн нааразы пикиримди бийликке, депутаттарга айтканга конституциялык укугум бар» деп айттым. Андай болсо Интернетте бийликке сын айткан пикирлерди бөлүшкөн адамдардын баары жоопко тартылышы керек да. Түшүнүк кат жазып бердим. Тергөөчүлөр мен бөлүшкөн пикирди «экспертизага жөнөтөбүз» дешти. Бирок муну эмне максат менен тергеп, мени суракка чакырып жатышканын так айтышкан жок. Керек болсо, менин суроолорума да так жооп беришкен жок», - деди Айдаралиев.

Биз бул кайрылуу боюнча Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн тактап жатып Алмазбек Айдаралиевди милицияга чакырган кызматкерди таптык. Ал Айдаралиевдин милицияга чакырылганын ырастап, ал болгону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өтүнүчү боюнча Айдаралиевди бөлүмгө чакырып эле бергенин маалымдады.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев Айдаралиевдин милицияга чакырылышы боюнча мындайча маалымат берди:

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

«2020-жылдын 5-август күнү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери менен бирге Интернет булактарына мониторинг жүргүзгөн. Ошол учурда «Фейсбукта» Аксы районундагы Жаны-Жол айылынын 41 жаштагы тургуну Айдаралиев Алмазбек «чыгыш керек, бирок аягына чейин качпай туруш керек, 120сын үйлөрүнөн болсо да таап, сүйрөп, эл алдында өлтүрүш керек» деп жазган.

Баштапкы текшерүүдөн кийин топтолгон материал 8-августта Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар тууралуу кодекстин 163-беренеси («Билип туруп жалган көрсөтмө берүү») менен сотко чейинки териштирүү иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Жазык кодексинин 355-беренесине («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») кайра квалификацияланган.

Сотко чейинки териштирүү ишинин алкагында толук, объективдүү текшерүү жүргүзүп, мыйзам чегинде чечим кабыл алыш үчүн аталган Интернет колдонуучуну тергөөгө камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилип, анын негизинде тергөө кызматына суракка чакырылган».

Ушундай эле пикири үчүн Өзгөн районунун 72 жаштагы Төлөгөн Жолдошев аттуу тургуну да суракка чакырылды. Аны милиция кызматкерлери «революция кылууга элди үндөп жатасың» деп айыпташкан экен.

«4-сентябрда мага милициядан телефон чалып, чакырышты, - деди ал. - Барсам, тергөөчүлөр «сиз «Фейсбукка» «революция кылалы» деп жазыптырсыз. Ошону өчүрүп салыңыз. Бизге эскертүүлөр келип жатат, мындай билдирүү таркаткандан этият болуңуз» дешти. Менин сөзүмдөн башка колумдан эч нерсе келбеген абышка болсом, кайдагы революция кылганга жарамак элем? Мен «экинчи мындай кылбайм» деп түшүнүк жазып бердим».

Бул окуя боюнче Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«1948-жылы туулган аксакал экен. Ал «Фейсбукта» кастыкты жараткан чакырыктарды жазган. Ал киши милицияга чакыртылгандан кийин электрондук китепчеге каттоого алынып, өзүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилген», - деп билдирди.

Ушул жылдын башынан бери бийликти ачык сындап, социалдык тармактарда пикир калтырган ондогон жарандар укук коргоо органдарына чакыртылып, айрымдары айткан оюнан кайтып, кечирим сурап кутулушкан эле.

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов да июнь айында Ички иштер министрлигине социалдык тармактагы пикири үчүн сурак берип чыккан.

Акматов «Фейсбуктагы» баракчасына «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген пост жазган. Ал жерде «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкени» айтылат. Саясат талдоочу «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген. Акматовдун айтымында анын сөзү учурда экспертизада териштирилип жаткан экен.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Бул бийликтин «өзүнүн калкын коркутам» дегени. «Балык бойдон калсын, биз эмне кылсак да унчукпай отурсун» дегени. «Ошентип коркутуп-үркүтүп элдин оозун жабабыз» деген акыркы айласы, аракеттери деп эсептейм. Менин олигархтарды жазган постум үчүн кайдагы бир болбогон шылтоолорду айтып, Ички иштер министрлиги сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Ал жерде эч кандай аймак, улут, дин аралык кастыкты козутуу фактылары жок. Мен кылмыш дүйнөсүнүн, олигархтардын саясатка тийгизип жаткан терс жагдайлары тууралуу гана сөз кылгам. Бийлик өзүнүн кызыкчылыгын коргоп, чындыкты айткан активисттерге, блогерлерге жана журналисттерге кысым көрсөтүп жатат», - деди ал.

Ички иштер министрлиги калыс пикирин айтуу менен мазактап, ашкере акарат келтирүүнүн айырмачылыгын аныктап, ага баа берүү саясий туруктуулук үчүн маанилүү экенин билдирип келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө карата айтылган сындан коргоого муктаж эмес экенин билдирген. Бирок ошол эле маалда ар бир жаранды жоопкерчиликке чакырган.

Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мындай оюн ортого салды:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Пикирин ачык айткандарды укук коргоо органдары суракка чакырып, коркутуп-үркүтүп, кечирим сураткандын зарылчылыгы жок. Бул туура эмес. Бирок алар бийликтегилердин, мамлекет башчысынын, премьер-министрдин аброюна шек келтире турган билдирүүлөрдү таратып жатат. Аларга кылмыш иши козголуп, мыйзамдуу жазасын алышы керек. Кечирим сурап койсо эле бошотуп жиберген туура эмес. «Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой өлөт» деп коёт. Ошондуктан бир нерсе деп айтуудан же жазуудан мурда ойлонуп, ага жооп бере аламбы деп талдоо жүргүзүп туруп анан иш кылыш керек».

Социалдык тармактагы пикири үчүн суракка чакыртылгандардан арасында «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы да бар. Алар да милицияга сурак берип чыгышкан. Ошондой эле бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова да УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн.

XS
SM
MD
LG