Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:29

ЖАМК Исаковдун башка колонияга которулганы боюнча түшүндүрмө берди


Сапар Исаков музей жана ипподром иши боюнча сотто. 2019-жыл.
Сапар Исаков музей жана ипподром иши боюнча сотто. 2019-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганы боюнча маалымат таратты.

Билдирүүдө «Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин («Белгилүү бир мөөнөткө эркинен ажыратуу жана өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөчү жерлер») 5-бөлүмүнө («Кылмышка кошо катышкан соттолгондор эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн жаза өтөөчү ар кандай жерлерге жиберилет») ылайык, соттолуучу Сапар Исаков жазасын өтөөсүн улантуу үчүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга 23-сентябрда которулду» деп жазылат.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев мурдагы өкмөт башчынын башка колонияга которулганын камактагы адамга басым көрсөтүүнүн бир ыкмасы катары баалаган.

2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келатат.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.

Исаков алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин №1 тергөө абагына, №8 түзөтүү колониясына которулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG