Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Ала-Букада чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандар мал-жандыктары менен кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Өзбекстандын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Букада Өзбекстанга мал жандыктарын алып кирүүгө аракет кылып жаткан кыргызстандык эки жаран кармалды. Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери райондун Төбө-Коргон айылынын «33 гектар» деп аталган аймагынан жарандар айдап бараткан 33 койду өткөрүп алышты. Жарандар жандыктарды өткөрмө бекеттен тышкары жерден, мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Акыркы убактарда Ала-Бука, Аксы райондорундагы чек арадан мал-жандыктарды мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга алып өтүү аракеттери көп каттала баштаганы кабарланууда. (TB)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG