Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Алмазбек Атамбаев кайра сотко катышууну көздөп жатат


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев (ортодо) камакка алынганга чейин. 2019-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев (ортодо) камакка алынганга чейин. 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантып жатат. Сотто айыпталгандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев аны жараянга алып келүү тууралуу өтүнүч берди.

Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков аны канааттандырды. Ага ылайык Атамбаев 2-октябрдагы сотко катыша турган болду.

Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаев «Азаттыкка» камактагы мурдагы президент өзү сотко катышууну көздөп жатканын билдирди.

28-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин шайлоочуларга кайрылуусу жарыяланган. Анда шайлоочуларды бюллетендеги бийликчил партияларга жана "баарына каршы!" графага добуш бербөөгө чакырган.

Быйыл 1-июндагы жараянда сот «Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин Атамбаев сот отурумдарына катышпайт» деген чечим чыгарган. Буга Атамбаевдин жараянда айыпталуучулар менен бирге тосмонун ичинде отуруудан баш тартканы себеп болгон. Ошондой эле Атамбаев сотко катышууну каалабаганына ден соолугун жана өзүнө саясий негизде куугунтук болуп жатат негиз келтирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жабык каралып келатат.

Жараяндарда жабырлануучу-күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн аскерлери көрсөтмө берип жатышат. Сот «Альфанын» Кой-Таш окуясына катышкан 54 кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Ондогон киши түрдүү жараат алган. ИИМдин Тергөө кызматы окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Буга чейин сот Кой-Таш ишин териштирүүнүн жана камактагылардын мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан. Айыпталуучулардын дээрлик баары Кой-Таш окуясы боюнча соттун артында саясат турат деген пикирде.

Ошол эле кезде жабырлануучулар жана окуяда каза болгон «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева мындай пикирлерди жазадан кутулуу аракети катары баалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG