Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

ТИМ Карабактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди


Тоолуу Карабак аймагы. 28-сентябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак аймагы. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Мекеменин 30-сентябрда тараткан маалыматында Кыргызстан тараптарды сабырдуулукка чакыра турганы айтылат. Чатактын аймактык бүтүндүк жана эгемендик принциптеринин сакталышы менен тынчтыкта чечилишин колдой турганы белгиленген.

Кыргызстан талашты чечиш үчүн конструктивдүү сунуштардын иштелип чыгышын кубаттай турганы жана 1994-жылы кол коюлган Бишкек протоколуна байланыштуу тарыхый тажрыйбага таянып эки тарапка тең жардам берүүгө даяр экени кошумчаланган.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган. Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да каза болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек. Ошол эле маалда Баку жайкын тургундар арасында 30дай киши жабыр тартканын кабарлады. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG