Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Сагымбаев Кой-Таш операциясында тартылган видеоматериалдар жоголуп кеткенин айтты


Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2020-жылдын 16-сентябры.
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2020-жылдын 16-сентябры.

Кой-Таш окуясы боюнча 30-сентябрдагы жараянда айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев кат менен кайрылды.

Бул тууралуу дагы бир айыпталуучу Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирип, Сагымбаевдин катынын көчүрмөсүн жарыялады.

Анда Сагымбаев 2019-жылдын 7-августунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда тартылган видеоматериалдар жоголуп кеткенин айтып, муну окуяда каза болгон УКМКнын «Альфа» атайын тобунун командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнүн чыныгы жагдайларын жаап-жашыруу аракети катары мүнөздөгөн. «Бийлик Ниязбековдун өлүмүнүн чыныгы жагдайларын ачууга кызыкчылыгы жок экени көрүнүп жатат» деп жазган.

Шектүү тараптын билдирүүлөрүнө УКМК жана тиешелүү органдар жооп кайтара элек.

2019-жылдын 7-августунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча күбө катары тергөөгө келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон. Ондогон адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвага чейин барып дарыланып, операция болгон. Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, камакка алынган. Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Тергөө кызматы окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу иш да өзүнчө каралууда.

Сот быйыл июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча да күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Кой-Таш окуясы боюнча сот башынан бери ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жабык каралууда. (NT)

XS
SM
MD
LG