30-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Трамп менен Байдендин дебатын 73 миллиондон ашуун киши көрдү. Бул америкалык телеканалдар аркылуу көргөн адамдардын саны.
«Nielsen» («Нилсен») изилдөө борбору маалымдагандай, дебаттын аудиториясы 2016-жылкы шайлоого караганда кыйла азайган. Андагы талапкерлер республикачы Дональд Трамп менен демократ Хиллари Клинтондун таймашын телеканалдар аркылуу 84 миллион адам көргөн.
Трамп менен Байдендин дебатынын 1-айлампасы 30-сентябрда Кливленд шаарында болду. Экинчи дебаты 15-октябрда, Майамиде болот. 3-дебат 22-октябрда, Нэшвиллде болору кабарланды.
АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Анда вице-президент, Өкүлдөр Палатасынын мүчөлөрү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү жана 13 штаттын губернаторлору да шайланат.