Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Милиция: Өзгөндөгү бычакташуунун шайлоого тиешеси жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндөгү адам өлүмү менен коштолгон бычакташуунун шайлоого тиешеси жок. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 29-сентябрда түнкү саат 10:00 чамасында спирт ичимдигин ичкен эки адам эски пикир келишпестигин эстеп уруша кетишкен.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди:

«Жанындагылар ажыратып жетишкенче учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жиберген. Жаракат алган адам ооруканага жеткирилгенден көп өтпөй жан берген. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Киши өлтүрүү үчүн шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди».

Аширбаевдин айтымында бул окуянын шайлоого тиешеси жок. Маркум «Портер» үлгүсүндөгү машинесин «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага бергени аныкталган. Ал эми шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок.

Интернетте тараган маалыматтарда мушташкан эки киши шайлоого катышып жаткан эки партиянын үгүтчүлөрү экени, пикир келишпестиктен улам мушташа кеткени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG