Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки бала чарчап калды


Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки жана үч жаштагы эки бала чарчап калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Казакстандын «Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун» башчысы Риза Боранбаеванын айтымында, ата-энелери балдарды ооруканага кечирээк алып келгендиктен, алардын өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Мындан тышкары балдар кошумча кызыл жүгүрүк (красная волчанка) илдети менен да жабыркашкан. Дарыгерлер «Кавасаки синдромуна» окшогон оору жаңы типтеги коронавирустан айыккан балдарда пайда болуп жатканын билдиришүүдө. Чарчап калган эки бала да бир нече жума мурда COVID-19 менен ооруган.

Боранбаеванын айтымында, Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыккандар 41 балага жетти. Алардын баарында тең коронавируска каршы антиденече пайда болуп, 37си айыгып чыкты.

«Коронавирус жуктуруп, андан жеңил айыккан балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыгып жатышат. Эгер коронавирустан айыккандан кийин эки-алты жуманын ичинде баланын денесинде кызыл тактар пайда болуп, дене табы жогоруласа, дароо дарыгерге кайрылыш керек. Мындай учурда диагноз өз убагында коюлуп, баланын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот», - деди ал.

Казакстанда балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга кабылган алгачкы учур 4-августта катталган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG