Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, 4-октябрь, саат 18:00го карата 1 млн. 594 миң 763 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 45,26% түзөт.
Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн активдүүлүгү жагынан Ош шаары алдыда - 101 271 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 56,27% түзөт.
Экинчи орунда - Жалал-Абад облусу. Аталган аймакта шайлоочулардын 47,14% добуш берди. Андан кийинки орундарда 46,58% менен Ош облусу, 46,48% менен Талас облусу келатат.
Нарын облусунда шайлоочулардын 45,37%, Бишкек шаарында 44,83%, Чүй облусунда 44,39% шайлоочулар добуш беришти.
Активдүүлүгү төмөн жагынан Баткен облусу - 40,58% жана Ысык-Көл облусунда 40,39% добуш берилди. Чет өлкөлөрдөн 6554 кыргызстандык жаран добуш берди.
Орусияда Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктады.
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Саат 22:00дө кайсы партия канча добуш алганы тууралуу алгачкы расмий маалыматтар чыга баштайт. Азырынча канча шайлоочу добуш бергени гана эсептелүүдө.(ZKo/BTo)